• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүйдө милиция кызматкерлери коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Чүйдө милиция кызматкерлери коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери коронавирустук инфекциянын таралышын алдын алуу боюнча профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

"Милиция кызматкерлерине райондук администрациянын жана ыктыярдуу улуттук командасынын өкүлдөрү профилактикалык иш-чараларды өткөрүүгө активдүү көмөк көрсөтүшүп, аны менен бирге калк арасында өзгөчө кырдаалдардын эрежелерин сактоо, жеке гигиена эрежелерин сактоо боюнча кеңири маалымат берүүдө. Айдоочуларга жана аймактын жашоочуларына коронавирус илдетинин кантип жайылтпоо керектиги жөнүндө маалымат баракчалары таратылды.

Мындай иш-чаранын негизги максаты – сактык чаралары жөнүндө мүмкүн болушунча көп адамдарга эскертүү. Кооптуу вирустун жайылуу коркунучу болгондуктан, учурда түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Кайгуул көзөмөл учурунда катуу үн чыгаруучу түзүлүштөрдү колдонуп, милиция кызматкерлери тургундардан азыркы учурда колдонулуп жаткан эрежелерди жана чектөөлөрдү сактоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурушууда.", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий