• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Чүйдө мыйзамсыз менчиктештирилген 180 орундуу бала бакча мамлекетке алынды

Коом 0

Бишкек, 12.07.24. /Кабар/. Чүй районунда мыйзамсыз менчиктештирилген 180 орундуу бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиршти.

Маалыматка ылайык, Искра айылынын тургундары айылдагы жалпы аянты 0,72 га түзгөн 180 орунга ылайыкталып курулган бала-бакча жеке колго өтүп кеткендиги боюнча кайрылуунун негизинде Чүй районунун прокуратурасы тарабынан сот органдарына доо арыз келтирилген. Соттук кароолордун жыйынтыгында Жогорку соттун чечими менен буга чейинки чечимдер жокко чыгарылды. Ага ылайык, тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлгөндөн кийин аталган бала-бакча айыл өкмөттүн баланска алынды. Учурда андан аркы иш кагаздарды топтоо иштери жүргүзүлүүдө

Искра айылынын тургундары сот органдарынын адилет чечимдерине жана прокуратура кызматкерлеринин иш аракеттери үчүн ыраазычылыктарын билдиришүүдө.

Пикир

Оставить комментарий