Чүйдүн Лебединовка айылынын көчөлөрү жарыктандырылды

Аймак 0

Бишкек, 14.11.22. /Кабар/.Чүйдүн Лебединовка айылынын көчөлөрү жарыктандырылды.

Белгиленгендей, Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы Мамыркалиев, Восточный, Набережный, Бөкөнбаев көчөлөрүнө жана Чоң Чүй каналынын жээгин бойлото кеткен жолго жалпысы 136 түнкү жарык берүүчү жол чырактар орнотулду.

Буга чейин бул көчөлөрдө түнкү жарыктандыруучу каражаттар болгон эмес. Бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттен каржыланды. Ошондой эле жарыктандыруу үчүн электр чубалгылары тартылды.

Пикир

Оставить комментарий