Чүйдүн Токмок – Прогресс – Кайырма унаа жолуна асфальт төшөлдү

Аймак 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Токмок – Прогресс – Кайырма унаа жолуна асфальт төшөө иштери аяктады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, аталган жолдун 3 чакырым аралыгына асфальт жаткырылып, жумуштар толук жыйынтыкталды.

Быйыл негизинен жалпы 15 чакырымды түзгөн Токмок – Прогресс – Кайырма унаа жолунун 0-1, 8-9 жана 11-12-чакырым аралыгына 6 см калыңдыктагы асфальт төшөө иштери каралган.

Пикир

Оставить комментарий