• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Чүйдө синтетикалык баңгизаттардын жайылышын алдын алууга багытталган иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Күн мурун Чүй облусунда мамлекетте көйгөй жаратып, жаңыдан пайда болуп жаткан синтетикалык баңгизаттардын жана дарыкана наркоманиясынын жайылышын алдын алууга багытталган иш-чара өттү.

Иш-чара облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын демилгеси менен "Манас" аэропортун тейлөө боюнча аба транспорту бөлүмүнүн жыйындар залында уюштурулуп, ага өздүк курам катышты.

Облустук милициядан маалымдашкандай, алдын алуу иш-чарасы облус аймагында өзгөчө жаш өспүрүмдөр арасында баңги жана синтетикалык заттардын жайылышына жол бербөө жана алдын алуу багытында өткөрүлдү.

Ошондой эле Чүй ОИИББдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан баңги жана синтетикалык заттардын түрлөрү жана зыяндуулугу боюнча лекция окулуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен катар алдын алуу боюнча биргелешкен чараларды көрүү керек экендиги баса белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий