Чүйдө уурулукка шектелип 25 жаштагы кыз кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.06.21./Кабар/. Чүйдө уурулукка шектелип 25 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 25-июнунда 77 жаштагы Р.В. аттуу Новопокровка айылынын тургуну үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде болжол менен 20-25 жаштагы азиат улутундагы белгисиз кызга чара көрүүнү суранган, анткени анын үйүн сатып алуунун шылтоосу менен 20 миң сом акчасын уурдап, белгисиз тарапка изин суутуп качып кеткенин билдирген.

Аталган факт Ысык-Ата районунун ИИБине КЖБР КР ЖК 200 (уурдоо) беренеси менен катталып, сотко чейин өндүрүш иши башталган.

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, Чүй облусунун ИИББнин жана Ысык-Ата районунун ИИБнин кызматкерлери тарабынан 25 жаштагы К.А. Чүй облусунун тургуну аныкталып, Ысык-Ата РИИБине жеткизилген.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кыздын Ысык-Ата районунун аймагындагы уурулуктун дагы бир нече фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталып, алар боюнча керектүү чаралар көрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий