• 87
  • 91.29
  • 0.84

Чүйдө жасалма номер тагып, терезесин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочу кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 18.11.24. /Кабар/. Чүйдө жасалма номер тагып, терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочу кармалды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, ага карата 40 миң сом айып салынды.

ЖКККББнын кызматкерлери Чүй облусунун аймагын текшерүү учурунда "Мазда" үлгүсүндөгү авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатып айдап жүргөндүгүн көрүшкөн.

Авто унааны токтотуп, текшерүү жүргүзгөн учурунда мамлекеттик номери жасалма экендиги аныкталган. Ал эми унаанын айдоочусуна Чүй облусунун жол тескөөчүлөрү тарабынан терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандыгы жана жалган жасалма номер менен унаа башкарып жүргөндүгү үчүн 40 миң сом айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий