Чүйдө жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 23.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 22-июнда саат 23:10до жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Горная-Маевка, Арашан, Кой-Таш айылдарында 3,5 балл, Бишкек, Кант шаарларында, Интернациональное айылында, Байтик, Чоң-Арык айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөнүн очогу Бишкек шаарынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Кант шаарынан 25 чакырым түштүк батышта, Горная Маевка айылынан 3 чакырым түштүктө, Кой-Таш айылынан 7 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Тактоо иштери жүрүүдө

Пикир

Оставить комментарий