Үч күнгө созулган эс алүү күндөрү бишкектиктерди кандай аба ырайы күтөт?

Коом 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Бишкекте үч күнгө созулган эс алуу күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт, деп билдирет Gismeteo.

Анын маалыматына ылайык, бүгүн, 14-июнда борбор калаада жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы күндүз +27, ал эми түндө +18 градус ысык болот.

Дем алыш күндөрү ала булут каптап турат. Ишемби, 15-июнда абанын температурасы күндүз +29, түндө +16, ал эми жекшемби, 16-июнда күндүз +31, түндө +19 градус болот.

Эс алуу күн болуп эсептелген дүйшөмбү, 17-июнда күндүз +31, түндө +19 градус ысык болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

Пикир

Оставить комментарий