• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Үч-Коргон ГЭСинде №4 гидроагрегаттын статору ийгиликтүү алмаштырылды

Коом 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. "Электр станциялар" ААКтын филиалы тарабынан Үч-Коргон ГЭСинде реабилитациялоо долбоорунун алкагында №4 гидроагрегаттын статору чогултулуп, ордуна ийгиликтүү орнотулду.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бул өз учурунда долбоорду бүтүрүүдө орчундуу кадамдардын бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө Үч-Коргон ГЭСинин 4-ГАсынын эски жабдууларын демонтаждоо иштери толугу менен бүтүп, монтаждоо жумуштары аткарылууда. Учурда ГЭСтин № 4 ГАсын реконструкция жумуштарынын 65 % бүттү.

Ошону менен бирге бүгүнкү күндө төмөнкү жумуштар аткарылууда:

  • роторду чогултуу боюнча жумуштар;
  • ротордун темирин чогултуу;
  • багытточу машинанын пышактарын орнотуу боюнча даярдык иштери;
  • Т2 трансформаторун орнотуу иштери;
  • Өрт өчүрүү жана муздатуу системасынын түтүктөрүн орнотуу, ток өткөргүчтөрдү монтаждоо, авариялык дренаждык резервуарды орнотуу;
  • электр кабелдерин тартуу;
  • кабелдик лоток боюнча иштер жүргүзүлүүдө;

Эске салсак, долбоордун негизги максаты:

  • физикалык жана моралдык жактан эскирген жабдууларды алмаштыруу жолу менен ГЭСти калыбына келтирүү;
  • рлектр механикалык генерациялоочу жабдууларды (кубатын 20%ке чейин жогорулатуу менен) жана ГЭСтин гидротехникалык конструкцияларын алмаштыруу;
  • Реконструкция долбоору ГЭСтин иштөө мөөнөтүн узартып, элибизди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатта аткарылууда.

Белгиленгендей, модернизациялоо долбоору ийгиликтүү ишке ашса ГЭСтин жалпы кубаттуулугуна кошумча 9 МВт кошулуп, № 4 ГА күз-кыш мезгилине ишенимдүү иштеп берет.

Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун алкагында аткарылып жаткан жумуштар декабрь айында аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий