• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Үч облуста ишкер айымдарга билим берүү жаатында бизнес баштоо үчүн 2,8 млн сом бөлүндү

Коом 0

Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Ош, Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы 11 ишкер аял балдарды эрте өнүктүрүү борборлорун ачууда 2,8 млн сом гранттык каржылоо алышат. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, каражат бала бакчалар менен билим берүү борборлору үчүн эмеректерди жана окуу куралдарын алууга багытталат. Бул стартап-бизнестерди АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фонду колдоого алып жатат.

Бул демилгенин алкагында 62 ишкер бала бакча жана жаш балдарды окутуу борборлорун ачууга лицензия алуу жана ал бизнес-мекемелерди башкаруу боюнча практикалык окуудан өтүштү. Үч айлык окуудан кийин катышуучулардын арасынан эң мыкты 11 бизнес-план гранттар менен сыйланды.

Программанын бүтүрүүчүлөрү бала бакчаларын жана билим борборлорун ачкандан кийин дагы колдоо ала беришет.

Бул иш-чара USAID жана Ага Хан Фондунун биргелешкен "Жергиликтүү өзгөрүүлөр" долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Долбоор жеке секторду жана жергиликтүү өнүгүүнү колдоо аркылуу инклюзивдик экономикалык өсүшкө салым кошот.

Пикир

Оставить комментарий