• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Үч облустагы сүт жана багбанчылык кластерлерине колдоо көрсөтүлөт. Мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 16-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы «Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы “Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу ” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

“Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоорунун максаты - айрым агроазык-түлүк кластерлеринин өндүрүмдүүлүгүн жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу, ошондой эле белгиленген критерийлерге ылайык кризис же өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда, аларга ыкчам жана натыйжалуу жооп кайтаруу. Долбоордун милдети үрөнчүлүк жана асыл тукум мал чарба секторун улуттук деңгээлде колдоо болуп саналат.

Долбоор эки агроазык-түлүк кластерине: Чүй, Жалал-Абад жана Нарын облустарындагы сүт жана багбанчылык кластерлерине колдоо көрсөтө алат.

Аталган Макулдашууларга ылайык Долбоордун суммасы – 35 млн АКШ доллары, анын ичинде Каржылоо боюнча макулдашуунун алкагында – 30,0 млн АКШ доллары (12 жылга, пайыздык ставка – жылдык 0,0%), Гранттык макулдашуунун алкагында – 5,0 млн АКШ доллары.

Пикир

Оставить комментарий