Үч округ боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо. Талапкерлерди көрсөтүү аяктады

Коом 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл, №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 30-майда саат 24:00дө аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирет.

Үч шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 44 талапкер шайлоого катышуу ниетин билдирди:

  • №5 Ноокат округу боюнча - 12 талапкер, анын ичинен 1 аял;
  • №36 Ысык-Көл округу боюнча - 20 талапкер;
  • №29 Свердлов округу боюнча - 12 талапкер, анын ичинен 2 аял.

Эскерте кетсек, талапкерлер (ыйгарым укуктуу өкүлдөр) 2-июнь саат 18:00дөн кечиктирбестен каттоо үчүн тѳмѳндѳгү документтердин толук пакетин бериши керек:

  • шайлоо күрөөсү төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;
  • жогорку кесиптик билими жөнүндө документтин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  • иштеген же окуган жеринен маалымкат;
  • бекитилген формага ылайык ѳмүр баяны жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалымат.

БШК талапкерлердин мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн карап чыгып, 2024-жылдын 10-июнуна чейин депутаттыкка талапкерлерди каттоону жүргүзѳт.

Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин 2024-жылдын 10-июнан тартып эң активдүү этап - шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштери башталат, ал 2024-жылдын 29-июнунда саат 8:00дө аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий