• 87
  • 90.41
  • 0.84

Үч жылдын ичинде өлкөнүн бюджетин 3 эсеге көбөйтө алдык – Акылбек Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Биз үч жылдын ичинде өлкөнүн бюджетин 3 эсеге көбөйтө алдык. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Ал белгилегендей, АКШ өкмөтүнүн Борбордук чалгындоо башкармалыгынын дүйнө өлкөлөрү боюнча маалыматы боюнча, 2023-жылдын аягында Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөнүн 220 өлкөсүнүн ичинен алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирди.

Минкаб башчысынын айтымында, дүйнөлүк банктын 2024-жылга карата ИДПнын реалдуу өсүү темпине берген баасы боюнча Кыргызстан Европанын жана Борбордук Азиянын “тез өнүгүп жаткан экономикаларынын” ТОП алдыңкы өлкөлөрүнүн катарына кирет.

“Биз Кыргызстан кантип дүйнөлүк картадагы кичинекей звенодон өлкөлөр менен континенттерди байланыштырган маанилүү транспорттук түйүнгө айланып баратканын көрүп жатабыз. Биз өзүбүздүн ишибизди ушундай түзө алдык, өткөн жылы өлкөнүн ИДПсы 1,2 триллион сомдон ашса, быйыл ИДПнын көрсөткүчтөрү 1,5 триллион сомго жетет. 3 жылдын ичинде биз өлкөнүн бюджетин 3 эсеге көбөйтө алдык”, - деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле минкаб төрагасы 2030-жылга чейин ИДПны 30 миллиард долларга жеткирүү керектигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий