Ч.Турсунбеков Россия Федералдык кеңешинин төрайымы менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 3-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын Төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, бул жолугушуу Валентина Матвиенконун чакыруусу менен XXI Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында уюштурулду.

Жолугушууда бир катар маселелер талкууланып, тараптар Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо жана КМШ ПААнын алкагындагы алакаларды арттыруу тууралуу сүйлөшүштү. Ошондой эле учурдагы эки өлкөнүн мамилелеринин абалы да талкууга алынды.

Иш-чаранын соңунда Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен да жоолуккан Төрага Чыныбай Турсунбеков уюштурулган форум аркылуу дүйнөлүк экономиканын, айрыкча Орусия экономикасынын кайсы багытта өнүгүп жатканы тууралуу маалымат гана албастан, өз көзү менен да күбө болгондугун маалымдады. "Жолугушууда биз эки парламенттер аралык кызматташтык жана бир катар маселелер боюнча пикир алмаштык"- деген Төрага, жыйынтыгында аталган өнөктөштүктү өнүктүрүү тууралуу бир пикирге келгендиктерин кошумчалады.

Андан тышкары, жакынкы аралыкта мерчемделип жаткан Валентина Матвиенконун Кыргызстандагы иш сапары жөнүндө да сүйлөшүүлөр болду. Иш сапардын алкагында Орусия Федерация Кеңешинин Төрайымы КМШга кирген өлкөлөрдүн "Балдар шериктештиги" аттуу эл аралык-маданий, билим берүү форумуна катышат. Белгилей кетсек, аталган форум 3-6-июль күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий