• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ч.Турсунбеков: “ЖКнын байкоо видеокамералары эски жана санариптик форматтын талаптарына жооп бербейт”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. Жогорку Кеңештин байкоо видеокамералары эски жана санариптик форматтын талаптарына жооп бербейт. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында төрага Чыныбай Турсунбеков кесиптешинин суроосуна жооп берүүдө билдирди.

Депутат Аида Касымалиева жыйында парламенттин жыйынын “Пирамида” телеканалы аркылуу түз алып берүү сапаты начар экендигине нааразычылык билдирди. “Учурда баары санариптик берүүгө өтүп жатышат. Бардык каналдар сапаттуу көрсөтүшөт. Ал эми парламенттин жыйынын берүүнүн сапаты салыштырмалуу төмөн. Ушундан улам көргүң келбейт”, - деди ал.

Өз кезегинде спикер бул маселе биринчи жолу көтөрүлүп жатпагандыгын белгиледи. “Себеби, Жогорку Кеңештин камералары эски жана санариптик телеберүүнүн талаптарына жооп бербейт. Камераларды жаңылоо маселеси бир нече ирет каралган. Башка органдар тендер жарыялап сатып алышат, ал эми парламент ачык орган болгондуктан, бардык тендерлер кызуу талкууланат”, - деп кошумчалады Ч.Турсунбеков.

Пикир

Оставить комментарий