• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чаарат компаниясы Түлкүбаш аймагындагы Чаарат кениндеги курулуш иштери тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасында жер алдындагы кендер бар аймактарды аныктоо ишин алып барган Чаарат компаниясы Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Түлкүбашы аймагында Чаарат кен казуу ишканасынын курулушунун жаңы этабы башталганын кубануу менен маалымдады.

Чаарат компаниясы кен казылуучу аймактарды аныктап, иштеп чыккан Чифтай Иншаат компаниясы менен келишим түздү. Бул маалымат жарыяланган күнү жумушту аткарган ишкана курулуш жүрүп жаткан аймакка алгачкы жабдыктарды мобилизациялап бүтүрдү.

Биринчилерден болуп аткарыла турган иштер:

- 50 адамга ылайыкталган убактылуу лагердин курулушу,

- 200 адамга ылайыкташкан туруктуу лагердин курулушу ( лагердеги орундардын саны 2019-жылга чейин 360га жетет),

- Техникалык тейлөөнүн убактылуу станциясын орнотуу,

- Карьер менен өндүрүш объектилерин байланыштырган 5 чакырымдык унаа жолун салуу,

- Кумбел ашуусунан тартып өндүрүштүк аймакка чейинки аралыкка кирме жол салуу,

- Кенди топтоп чайкоо аянтынын алдындагы иштерди баштоо.

Чаарат компаниясы буга чейин Түлкүбаш аймагындагы объектилерди долбоорлоонун базалык иштерин аткарып бүттү. Учурда деталдык долбоорлоо иши аяктап, Кыргыз мамлекетинин мыйзамына ылайык расмий бекитүүгө кат даярдалып жатат. Курулуш иштеринин жүрүшүн жетектеген команда дээрлик куралып бүтүп калды. Чет элдик белгилүү долбоорлоо уюмдары инженердик колдоо менен камсыздады. Түлкүбаш аймагындагы курулуш иштеринин калган бөлүгү 130 миллион долларга бааланууда.

2018-жылы Чаарат компаниясы Чаткал өрөөнүнөн Кумбел ашуусуна чейинки аралыкка кирме жол, Сандалаш дарыясына көпүрө куруп, курулуш иштери жүрүп жатканда жумушчуларды байланыш менен камсыз кылган байланыш инсфраструктурасын орноткон. Бул чыгымдардан тышкары Чаарат ишканасы Түлкүбаш жана Кызылташ аймактарын инженердик жана инфраструктуралык долбоорлорго 50 миллион доллар сарптаган.

"Тулкүбаш аймагында жумушту аткаруучу ишкананын жер иштери жана кен казуу иштери боюнча мобилизацияны баштаганын кубануу менен жарыялайбыз. Биз 2020-жылдын аягында биринчи алтынды алабыз деген максат менен 2019-жылдын экинчи жарымында мындан да ири курулуш иштерин жасоону пландап жатабыз", - деп билдирди Башкы Операциялык директор Роберт Бенбоу.

Пикир

Оставить комментарий