Чаек айылында музыкалык мектепке эки кабаттуу кошумча корпус курулууда

Аймак 0


Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Жумгал районунун Чаек айылында Чынара Дүйшеева атындагы музыкалык мектептин кошумча корпусунун курулушу уланууда.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кошумча корпустун курулушу 2018-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Белгиленгендей, долбоор боюнча жалпы аянты 1295 чарчы метрди түзгөн 2 кабаттуу имарат курулат. Учурда курулуш-монтаждоо иштери 70 пайызга аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий