• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Чагылган түшкөн учурда эмнени эске алуу керек? ӨКМден кеңеш

Коом 0

Бишкек, 08.07.24. /Кабар/. Чагылган табигый кубулуш катары ал өтө кыйратуучу күчкө ээ. Чагылган - күн күркүрөгөндө булуттарда заряддын топтолушунан улам пайда боло турган эбегейсиз күчтөгү электр тогунун импульсу. Анын күчү 200 миң амперди түзөт. Көбүнчө чагылган 100 миң амперге чейин жетет. Ал кыйроолорго, өрттөргө жана аварияларга алып келиши мүмкүн.

Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күн күркүрөп, чагылган түшсө эмнелерди эске алуу керек экендигин тизмектеди.

- Эгерде сиз калктуу конушта болсоңуз терезе эшиктерди, морду жана желдетүү тешиктерин жабыңыз;
- мешке от жакпаңыз! Анткени меш түтүгүнөн чыккан жогорку температурадагы газ чагылганды өзүнө тартат;
- уюлдук телефон менен сүйлөшпөңүз, себеби бул учурда электр мамычаларынын ортосунда созулган зымдарга чагылган тиет;
- эгерде сиз токойдо болсоңуз токойдун ачык аянтына шашылыңыз. Бийик бактардан, өзгөчө карагайдан, эменден, теректен алыс болгонуңуз дурус;
- суу объектисинде же анын жээгинде калбаңыз. Жээктен алыстап, бийик жерден ойдуңга түшүңүз.

Пикир

Оставить комментарий