“Чакан ГЭС” компаниясында күз-кыш мезгилине кам көрүү кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 29.08.23. /Кабар/. “Чакан ГЭС” компаниясында күз-кыш мезгилине кам көрүү кызуу жүрүүдө.

Ишканадан билдиришкендей, Аламүдүн-6 гидроэлектростанциясында 6 кВ чыңалуусундагы комплектүү бөлүштүрүүчү түзмөктө чыңалууну өлчөөчү трансформатор алмаштырылууда. Чыңалууну өлчөөчү трансформатор жогорку чыңалууну тушүрүү жана көзөмөлдөө кызматын аткарат.

"Энергетиктер эскилиги жеткен майлуу өлчөөчү трансформатордун ордуна жаңы заманбап кургак тибиндеги чыңалууну өлчөөчү трансформаторду орнотушту. Жаңы орнотулган заманбап жабдууну тейлөө бир топ ыңгайлуу, себеби, анын майын текшерип көзөмөлдөөнүн кажети жок", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, энергетиктер ушул эле гидроэлектростанциясында 35 кв чыңалуусундагы ачык бөлуштүрүүчү түзмөктү утурумдук оңдоодон өткөрүштү.

Бардык аткарылган жумушутар жабдууларды күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында жылдык ондоо иш-чараларынын планына ылайык жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий