• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Чалагыз Исабаевдин “Комуздун тандалма күүлөрү жана обондору” аттуу китеби жарык көрдү

Коом 0

Бишкек, 06.08.24. /Кабар/. Чалагыз Исабаевдин “Комуздун тандалма күүлөрү жана обондору” аттуу китеби жарык көрдү. Бул тууралуу “Мурат Арт” коомдук фондунун президенти Актан Исабаев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Актан Исабаев белгилегендей, китепке комузчу, "Камбаркан" фольклордук тобунун түптөөчүсү Чалагыз Исабаевдин тандалма күүлөрү менен кошо элдик обондор да камтылып, ар бир чыгарма ноталар менен берилди.

“Бул китеп ар бир комузчунун китеп текчесинде турушу керек деп ойлойм. 1987-жылы алгачкы жолу китеп жарыкка чыккандан бери ноталары менен берилген күүлөрдү комузчулар үйрөнүп жүрүшөт. Эми тандалма күүлөрдүн жыйнагынын жаңы экземплярын чыгардык. Китеп музыкалык мектептерге жана китепканаларга таркатылат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий