Чаткал районунда заманбап Калкты тейлөө борбору ачылат

Аймак 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында заманбап Калкты тейлөө борбору даярдалды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук маданият үйүнүн имаратынын бир бөлүгү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берүү алдында турат.

Мекемеге жергиликтүү бюджеттен 2,5 млн сом каражат жумшалган. Алдыда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы тарабынан ички жабдыктары жана штаттык бирдиктери чечилүүсү менен ишке кирет.

Тейлөө борбору ачылса райондун 31 миңден ашуун калкына ыкчам кызмат көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий