• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чаткалда жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 54 млн сомго заманбап мектептин курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Кайың-Суу айылында жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 54 миллион сомго жаңы заманбап мектептин курулушу башталды.

Маалыматка ылайык, капсула салуу аземи 23-июлда болуп өткөн. 150 орунга ылайыкталган жаңы мектеп 3 жыл аралыгында курулуп бүтөт. 60 окуучуга эсептелген эски мектеп 1986-жылы курулган. 2017-жылы ал мектептин имараты колдонууга жараксыз деп табылганына карабастан 156 окуучу билим алып келет.

Пикир

Оставить комментарий