• 87
  • 90.41
  • 0.84

«Чечме» бекетинде күйүүчү майдын аткезчилик жол менен алынып өтүшүнө бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. «Чечме-автожол» көзөмөл-өткөрүү жайынын чек арачылары күйүүчү-майлоочу материалдардын аткезчилик жол менен алынып өтүшүнө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-июнда 1971-жылы туулган Өзбекстандын Д.А., аттуу жараны башкарган КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаа Кыргызстанга келген. Унааны текшерген чек ара кезмети унаанын документинде көрсөтүлбөгөн кошумча бакта 2,5 тонннадан ашык күйүүчү май бар экендигин аныкташкан.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран жана күйүүчү май КР Мамлекеттик бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий