• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Чек ара чыры. Баткен жана Согди облусунун башчылары жолугат

Аймак 0

Бишкек, 14.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуулар маал-маалы менен чыгып жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусундагы чек арачылардын жана күч структуралардын жетекчилери окуя болгон жерге жиберилди.

“Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода менен чек арадагы чырды жөнгө салуу боюнча телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. Ошондой эле жолугушуу өткөрүүнү макулдаштык. Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуулар маал-маалы менен чыгып жатат. Бирок күч структуралары окуя болгон жерге жеткенден кийин баарын жөнгө салабыз”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 14-сентябрда эртең менен кайрадан кыргыз-тажик чек арасында ок атылды.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

“Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган”, - деп айтылат маалыматта.

Саат 11:30га карата кыргыз-тажик чек арасында абал курч бойдон калууда.

Пикир

Оставить комментарий