• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Чек ара чырынан каза болгон жоокердин үй-бүлөсүнө кепилдик төлөмдөрү төлөнөт – Уларбек Шаршеев

Коом 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Чек ара чырынан каза болгон жоокер Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө кепилдик төлөмдөрү төлөнөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев билдирди.

Анын айтуусунда, бүгүнкү күндө маркумдун үй-бүлөсүнө өкмөт тарабынан бир жолку материалдык жардам көрсөтүлгөн.

"Мамлекет тарабынан кепилдик бар. Тиешелүү процедуралардан кийин каза болгон жоокердин үй-бүлөсүнө төлөп берип турабыз", - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атылган. Жаңжалдын чыгышына чек арага жакын жердеги такталбаган аймакка тажик жарандары курулуш иштерин баштаганы себеп болгон.

Чек арадагы чатактын натыйжасында бир нече адам жараат алып, “Бөрү” атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминов курман болгон.

Пикир

Оставить комментарий