• 86.94
  • 93.43
  • 0.98

Чек ара, ипотекалык үйлөрдүн курулушу жана жолдордун оңдолушу. Президенттин кезектеги маеги

Президент 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде оор сыноодо турган кыргыз-тажик чек ара маселесинде кандай жылыштар бар экенин, эмне үчүн ипотекалык үйлөрдү мамлекет өзү куруп баштаганынын себептерин жана Нарын шаарынын ички жолдору кайсыл каражаттын эсебинен оӊдолуп жатканына кенен токтолду.

Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич!

Саламатчылык.

Былтыр Жогорку Кеңештин жыйынында "Өзбекстан менен чек ара маселеси чечилди, кийинки жылы майга чейин Тажикстан менен да чечилет, бул багытта жылыш бар" деп айттыңыз эле. Учурда бул көйгөйлүү маселе кайсыл стадияда?

— Тажикстан менен чек ара маселесинде жылыштар бар, жок эмес. Бирок өтө жай жүрүп жатат. Эгер эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен эки тарап тең чек ара сызыктарын сызууга макул болсо, тилкелерде бир эле айлык жумуш калды. Бирок тилекке каршы, кошуналар жакшы келе жатышып эле айрым тилкелерге келгенде бул жерди 1924-жылкы карта менен чечели деген сунуштарын киргизе салып жатышат. Ошол үчүн маселе токтоп калып жатат. Чындыгында 1924-жылкы карта менен чечели деген сунуш юридикалык жана моралдык жактан да туура келбейт. Анткени 1924-жылы алар да, биз да өзүнчө мамлекет эмес элек.

Эгер эки тарап тең макул болуп, 1924-жылкы карта менен чечебиз десек, анда чек ара тилкелеринин баарын кайрадан карап чыгып, бардык чек ара тилкелерин 1924-жылкы карта менен чечишибиз керек.

Ошол мезгилде эки тарап тең макул болуп, иштер тез кетип жаткандыктан, майга чейин чечип бүтөбүз деп болжогом. Тилекке каршы, бүтө элекпиз.

— Кечээ эле Сиз Фейсбуктагы баракчаңыз аркылуу массалык түрдө ипотекалык турак жайлар куруларын билдирдиңиз. Бул курулуштар кайсыл аймакта, качан башталат? Ал турак жайлардан кимдер ала алат? Кезекке туруу тартиби кандай болот? Кененирээк айтып берсеңиз.

— Бишкек шаарына 6 миңден ашык батирлерди салып жатабыз, дагы салабыз. Региондордо дагы башталды. Мисалы: Нарында долбоору даярдалып жатат. “Кумтөр” берген акчаларына салып, МИК (Мамлекеттик ипотекалык компания) аркылуу берели деп жатабыз.

Таласта да долбоор өз нугунда кетип жатат. Аларга да “Жерүй” берген акчасына салып, МИК аркылуу берели деп жатабыз. Жалал-Абадда 200дөн ашык батир салынып жатат. Кудай буюрса, МИК аркылуу жакында тапшырабыз. Башка райондордун жана шаарлардын борборлорунан жерлерди бөлдүртүп жатабыз. Көп кабаттуу үйлөрдү салып, 20 жылдык мөөнөт менен МИК аркылуу беребиз. Акыркы убактарда өзүңөр жакшы билесиңер, элдин саны өсүп, жерлер тарып баратат. Ошондуктан мындан ары көп кабаттуу үйлөрдү курууга басым жасайлы, мамлекет өзүбүз салып берели деп жатабыз.

Эмне үчүн мамлекет өзүбүз салалы деп жатабыз? Эки жыл МИКке бюджеттен элге турак жай алып берүү үчүн акча бөлдүк. МИК болсо турак жайларды бир чарчы метрин 750 доллардан алып берип жатыптыр. Өзүбүз салсак бир чарчы метри 550 доллардан айланат экен. Бул деген сөз – элге да, МИКке да пайда деген сөз. Ошондуктан мамлекет өзүбүз колго алдык. Антпесек турак жай маселеси аябай чоң көйгөй болуп кетти. Эл үй салганга жер бөлүп бергиле деп туш-туштан кайрылып жатышат. Биз бир аз убакыт чыдап тургула. Силерге бөлүп берчү жерлерге көп кабаттуу үйлөрдү салып берели деп жатабыз. Бир кишиге берген жерге көп кабаттуу үй салсак жүз үй-бүлөнү батырат экенбиз. Ошентип жерлерибизди үнөмдөшүбүз керек. Антпесек келечекте жерлер тарып, тамак-аш коопсуздугу жаралат. Келечекти кое туруп азыркыны эле айтсак, бүгүнкү күндө өзүбүздү өзүбүз буудай менен камсыз кыла албайбыз.

Анткени түз жерлерибиз жетишпейт. Дан азыктарды чет өлкөлөрдөн импорттоп алып келебиз. Мен бир эле азыктын түрүн мисал келтирдим. Мындай мисалдар көп. Ошондуктан эл туура түшүнүп бир аз күтүп турушу зарыл. Региондорго да жетебиз. Баарына эле Бишкектен батир бере бербейбиз. Региондорго да көптөгөн көп кабаттуу үйлөрдү салабыз. Баткен, Ош, Жалал-Абадга, райондордун борборлоруна, кичи шаарларга салабыз. Ошондуктан МИКке кезекке туруп коё берсеңер болот. Мамлекеттик кызматкерлер эле эмес, жөнөкөй жарандар да кезекке туруп койсоңор болот. Кезек электрондук болот. Өз кезегиңди смартфонуңдан эле карап турсаң болот.

Нарын облусуна болгон акыркы иш сапарыңызда министрлер кабинетине – аткаруу бийлигине бир катар тапшырмаларды бердиңиз эле. Маселен, Нарын шаарынын ички жолдорун оңдоп-түзөө жана асфальттоо боюнча. Бул үчүн каражат булагы кайдан болот, бюджеттин эсебинен кетеби же президенттик фондуңузданбы?

— Нарын шаарынын жолдоруна бюджеттен акча бөлүнгөн эмес. Менин демөөрчүлүк фондумдан кетет. Менин эки фондум бар. Бирөө бюджеттен келген фонд. Экинчиси спонсорлордон чогулган фонд. Бюджеттен келген фонддон мамлекеттик иштерге гана жумшалат. Тагыраагы, республикалык бюджеттен каралбай калган объектилер болсо. Мисалы мектеп, бала-бакча, же аскерий шаймандарды тез алуу керек болсо жана башка. Ал эми спонсорлук фондумдан болсо кайсы иштерди бүтүрүш керек экенин өзүм билип бөлүп бере берем.

Жакында Жумабек Салымбеков “Бай түшүм” банкынын атынан 50 миллион сом демөөрчүлүк кылган. Ошол акча менен Нарын шаарынын жолдорун баштаттым.

Кечээ Сергей Ибрагимов “Бакай” банкынын атынан 100 миллион сом демөөрчүлүк кылды. Бул акчаны да Нарынга берем. Мындан сырткары, Баткен менен Талас шаарларынын жолдорун ченеп чыккыла деп Транспорт министрлигине тапшырма бердим. Кийинки жылдары жасайбыз деп ниет кылып турам. Эгер баткендик жана таластык бай жигиттерибиздин марттыгы кармап кетип демөөрчүлүк кылышса, быйыл деле жасап салабыз (күлүп).

Суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

— Рахмат. Ишиңерге ийгилик каалайм!

Маектешкен Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий