Бишкек, 18.12.24. /Бактыбек Мамбетов - Кабар/. Акыркы мезгилде коомчулукта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атына келген коркутуу каты, Салык кызматынын башында тургандар аткаминерлердин коррупцияга байланышы бар делип кармалышы, мурдагы министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши боюнча бир топ суроолор пайда болгон эле. Мына ошол суроолорго жана ар кандай божомолдорго кечээ, 17-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, анда өлкөдөгү акыркы мезгилде орун алган актуалдуу окуялардын чоо-жайын айтып берди. Ошондой эле, кылмыштуулук, коррупция менен күрөшүүдөгү жыйынтыктар жана чек ара маселери боюнча толук маалымат берди.
Камчыбек Ташиевге келген коркутуу каттын мазмуну чындап эле кызыктай көрүнгөн. Жада калса айрым эксперттер окугандарынын баарына так баа бере алышкан эмес. Ал эми, интернет айдыңындагы коомчулук, бул билдирүүнү хайп же кандайдыр бир шоудай кабыл алышкан.
Атайын кызмат беш күндүн ичинде шектүүнү кармап, ал акча үчүн бирөөлөрдүн тапшырмасын аткарып бул кылмышка барганы далилденди. Ташиевдин айтымында, кармалган адамдын күнөөсү бардык материалдар менен тастыкталган. Ал Ж.А.С аттуу жаран болуп чыкты. Мурда эки жолу соттолгон, аскердик учкуч билими бар, кийинчерээк Афганистандын чек арасында чектелген аскердик контингенттин курамында кызмат өтөп, согуштук тажрыйбага жана кутумчулук чеберчилигине ээ болгон. Ж.А.С. 1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөгөн.
«Анын күнөөсү видеоматериалдар менен далилденген. Ал бул катты баласынын компьютерине терип, мени коркутуу үчүн жасаганын мойнуна алды», — деди Ташиев.
УКМКнын башчысы ошондой эле кармалган адам Чыныбай Акуновдун жубайы менен беш жолу жолукканын белгиледи.
«Бизде бардык далилдер бар. Бирок бул анын буйругубу же жокпу аныктай элекпиз», — деп баса белгиледи Ташиев.
«Чыныбай Турсунбековдун жубайы шылуундар менен аралашып кеткен. Ал мени 5 млн доллар пара алып жаткан жеримен карматмакчы болушкан. Бирок биздин кызматкерлердин ыкчам иш-аракеттери менен шылуундардын баары кармалды. Ал мени пара алат деп ойлогон окшойт. Бирок андай эмес», - деди атайын кызматтын башчысы журналисттерге.
Ал эми салык системасындагы коррупцияга токтоло турган болсок, бул тармакта пайда болгон финансылык кылмыштарга чиновниктер канчалык тез илинип калганын ачык-айкын көрсөтүп турат. УКМКнын кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычевди кармашкан. Аткаминерлер коррупциялык схемаларга катыштыгы бар жана кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Тергөөнүн версиясы боюнча, алдамчылык электрондук накладнойлорду колдонууга байланыштуу. Мыйзамсыз аракеттер айрым бизнес өкүлдөрүнө өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качууга, реалдуу кирешени жашырууга жана өлкөнүн экономикасына олуттуу зыян келтирүүгө мүмкүндүк берген.
Камчыбек Ташиев салык инспекциясынын кылмыштуу схемасы боюнча төмөнкүлөргө токтолду.
«Алар электрондук накладной жазып беришет. Товар кетип, сатылат, ал эми электронный накладнойлор артка кайтарылып, жок кылынат. Бирок иш жүзүндө товар сатылган болот. Анын ордуна башка товар келип, бул ыкма улана берет. Мына ушундай мафиялык структура түзүлгөн. Ар бир кайтарылган электрондук накладнойду салык инспектору эмне үчүн кайтарылганын, эмне болгонун текшерип, акт түзүшү керек. Биздин текшерүүдөн кийин 1 млн накладной кайтарылганы белгилүү болду. Бирок салык инспектору алардын бирин да текшерген эмес. Жалпы товар жүгүртүү 500 млрд сомго жакын, тагыраагы 464 млрд сомду түзгөн”,-деп түшүндүрдү ал.
Салык органдарындагы коррупционерлер мамлекеттен бир нерсени жашырып кымтып алуу мүмкүнчүлүгүн байкаса, аны жеке кызыкчылыгына пайдалана беришет. Аларды тазалап, жазалап, аты-жөндөрүн коомчулукка жарыялап турушубуз керек дейт Камчыбек Ташиев.
«Бул өтө даярдалган, профессионалдуу жашырылган кылмыш. Эгер ачыкка чыкпаса, бул улана бермек. Алтынбек Абдувапов эмнеге камалды? Себеби, ар бир кайтарылган электрондук накладной салык инспекторлору тарабынан текшерилип, кайра кайтаруунун себептери көрсөтүлүшү керек болчу. Ар бир кайтарылган накладной үчүн коррупциялык үлүш алышкандыктан, алар атайын текшерген эмес. Карап көрсөк, миллион накладной кайтарылган, эгерде алардын ар бири үчүн 1 доллардан алышса, анда миллион доллар болот, 10 доллардан алса, анда 10 миллион доллар болот», — деп белгиледи УКМКнын башчысы.
Атайын кызматтын башчысы президенттик шайлоо боюнча да айтып берди.
«Мен президенттикке талапкерлигимди койбойм. Садыр Жапаровду толук колдойм,-деп билдирүү жасады. Анын айтымында, Садыр Жапаровдун мамлекет башчылыгына ат салышууга толук укугу бар. Камчыбек Ташиевдин минтип айтканы, учурдагы бийликтин бир топ душмандарынын ээсин оодарды десек болот. Айрымдар эки дос бийлик үчүн бири бирине бут тосушат деп божомолдоп жүрүшкөнү бар.
«Мен азыркы президентти колдойм. Кимди президент кылабыз? Равшан Жээнбековбу же Бекназаровдубу? Балким Алмазбек Атамбаевди кайтарып келелиби? Биз баарын көрдүк», — деди ал.
Чынында, буга чейин бийликте мындай тандем болгон эмес деп айтсак болот. Бул тандемдин ортосунда бекем ынтымак, мамлекеттин бакубаттуулугу үчүн бийик максат болбосо, бийликке келебиз дегендерге алдырып жиберүү коркунучун жокко чыгара алышпайт эле. Лидерлердин биримдиги жана принциптерди кармануусу Кыргызстан үчүн стратегиялык туруктуулуктун белгиси. Өлкөнүн алдында турган максаттар жана милдеттер күчтүү саясий эркти, темирдей бекем аткаруучулук тартипти жана мамлекеттик бийликтин бардык деңгээлдеринде тартипти сактоону талап кылат.
Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында Тажикстан менен чек ара боюнча келишимдердин чоо-жайын маалымат каражаттарына ачыктабаганынын себеби, учурда бул документтерди мыйзамдуу даярдоо иштери жүрүп менен байланыштырды.
«Январь айында парламентке киргизебиз, анан ачык талкуулайбыз деп ишенем, ошондо биз кайсыл аймактарды кантип бөлгөнүбүз ачыкка чыгат, анткени чек ара маселеси чечилбегендиктен Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чыр-чатактар көп болгон. Эми бүттү. Биз мунун баарын дипломатиялык жол менен чечтик», - деди Ташиев.
Мамлекетте уюшкан кылмыштуу топтордун аныктамасы дээрлик жок, ошондуктан аларга каршы күрөш бүттү. Бул тууралуу да Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында кеп козгоду.
Азыр деле өлкөдө айрым майда кылмышкерлер бар, укук коргоо органдары бул багытта иш алып барып жатканын белгиледи.
Ал ошондой эле 2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин коррупцияга каршы күрөштүн алкагында мамлекетке миллиарддаган каражаттар кайтарылганын билдирди.
Камчыбек Ташиев антына жана сөзүнө бекем экенин, Кыргызстандын элине жана президентине ишенимдүү кызмат кылаарын ачык айтты. Анын көрсөткүчү өлкөбүздө 30 жылдан бери коррупциялык тармактардын туткунунда жүргөндөрдүн, пара алуучулардын, ысырапкорлордун ар дайым тынчын алып, ишин уланта берерин убада кылды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы өлкө ырааттуу өнүгүп, экономикалык жактан чыңдалышы үчүн мамлекеттин пайдубалын чиритип жаткандардан тазалоодон баш тартпасын белгиледи.
Пикир
Оставить комментарий