Мамлекеттин эн негизги белгилеринин бири – бул аймактык бүтүндүк, мамлекеттин бийлик органдары жана мыйзамдары иштеген так чектелген территория. Кыргызстан эгемендик алгандан бери, тагыраак айтканда, 30 жыл ичинде өлкөнүн территориясы коңшу өлкөлөр менен ар кандай себептерге байланыштуу так чектелбей келген. Мунун кесепетинен бул аймактарда чыр-чатактар, кай бир учурларда чек арачылар кийлигишип, ок атылган окуялар болуп келген. Такталбаган чек ара тилкелерине Өзбекстан аскер техникаларын киргизип, өзүм билемдик кылып, чектерди орнотуп салган учурлар болгон. 2021-жылы май айында Тажикстан менен чечилбеген чек аранын айынан жаңжал чыгып, тилеке каршы жарандарыбыз каза болгон.
Учурунда Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев чек ара маселесинен чечкенге эрки жеткен эмес. Кийинки президенттердин бири дагы бул олуттуу маселеге көнүл бурбай, баштарын ооруткулары келген эмес.
Такталбаган чек ара көйгөйү эң маанилүү жана татаал маселе. Чек ара көйгөйлөрүн чечүү үчүн саясий эрк керек жана эң негизгиси бул маселени биротоло чечүүгө каалоо болуп, чыныгы тынчтыкты орнотууга умтулуу керек эле.
Бийликке жаңы келээри менен Садыр Жапаровдун саясий эрки да, каалоосу да, күчү да жетти. Ал дароо эле бул маселени чечүүгө киришип, Улуттук Коопсуздук кызматынын башчысына тапшырманы койгон. Ал киши биринчи ирээт Кыргызстан Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүүгө бел алды. Өзбекстанга ошол кезде жаңы өлкө башчы болуп шайланган Шавкат Мирзиёевдун дагы бул маселеге көнүлү түз болуп, саясий эрк көрсөтүп, чек арадагы кырдаалды түп-тамыры менен жакшыртканга чоң аракет жасады.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Өзбекстан менен болгон мамлекеттик чек ара маселеси 100 пайызга чечилгенин, Ташкентте өткөн чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процессинин жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында; «Чек ара маселелерин чечүүдө жеңүүчү же жеңилген тарап жок, баары өз ара макулдашуу менен чечилет, Өзбекстан менен чек ара маселеси 100% чечилди. Албетте, татаал маселелер болду, бирок сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алардын баары чечилди, талаштуу маселелер жок”,- деп айткан сөздөрү дагы тарыхта калат. Ошентип 30 жылдан кийин Өзбекстан менен Кыргызстан чек араны делимитациялоо боюнча макулдаштыкка келишкен. Муну орусиялык саясат таануучу Аркадий Дубнов; “Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда түзүлгөн чек ара келишимин “чоң жылыш”” деп атаган. Башкача айтканда келишим Орусия же Казакстан баш болгон тышкы ортомчуларсыз түзүлгөнүнө баа берген.
Ооба! Чек ара маселесин чечүүдө бир дагы тарап утушка ээ болбойт. Бул жерде бир нерсе гана утат – бул ошол аймакка орногон тынчтык. “Тынчтык бар жерде ырыс бар” деген макал бекеринен айтылбаса керек. Эгерде адамдар бири-бири менен тил табыша алса, мамлекет менен мамлекет туура көз карашта болсо, анда дүйнөдө согуш аз болмок.
Учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда достуктун, ынак коңшулуктун жана стратегиялык өнөктөштүктүн маанайында динамикалуу өнүгүү болуп жатат. Бир тууган элдердин тарыхий мурастарына, маданиятына, тилдик, руханий салттарына жана баалуулуктарына негизделген кызматташтык мындан ары кеңейет жана тереңдей берет.
Буга байланыштуу Париждеги Олимпиадада кыргыз мушкерине секундант болгон Өзбекстандык машыктыруучу эске түшөт. Эки өлкөнүн ортосунда суз мамиле болсо, мындай көрүнүш болбойт эле.
Бүгүн Кыргызстандын чек ара маселеси бир гана Тажикстан менен чечиле элек. Садыр Жапаров 2021- жылы өлкө башчылыгына келгенде маалымат жыйынында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоого тоскоол болуп жаткан үч маселени атаган:
“Мен чек араны бүгүн кол коюп чечкенге даярмын. Бирок ал жерде үч талаштуу маселе бар. Биринчиси, Төрт-Көчө деген жердеги 275 метр жер, экинчиси, Ворухка кеткен жол. Үчүнчүсү, Баткен менен Лейлек районундагы талаш жер".
Ошондо Садыр Жапаров чек ара боюнча орток пикир табууга тоскоолдук кылып, талаш жараткан документтер бар экенин айткан. Тажикстан менен чек ара маселесин чечүүдө Төрт-Көчө тилкеси боюнча Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаров кол койгон протокол кедергисин тийгизип жатканын белгилеген.
Бүгүн Тажикстан менен болгон чек ара маселеси чечилүү алдында турат. Жакында эле Баткенде өткөн эл аралык конференцияда Кыргызстандын УКМК төрагасы чек араны жөнгө салуу боюнча тараптар макулдашылган чечимди иштеп чыгууга жакын экенин ырастады; “Жакынкы арада Кудай буюрса, коңшулар менен чек ара маселесин акыры чечебиз. Бардыгы мыйзам чегинде чечилип, жерибизди көздүн карегиндей сактоого шарт түзүлөт. Бул дагы биздин жетишкендигибиз”, - деп баса белгилеген Камчыбек Ташиев.
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов “Кабар” маалымат агенттигине комментарий берип жатып, учурда Тажикстан менен чек ара маселелерин чечүү процесси жакшы темпте жана конструктивдүү жүрүп жатканын да билдирип, “2021-жылдын апрель айында да, 2022-жылдын сентябрында да Тажикстан менен чек арада чыр-чатактар болгонун баарыбыз билебиз. Ооба, ал жердин рельефи абдан татаал жана кээ бир жерлерде чек ара огороддор аркылуу, ошол эле конуштагы үйлөрдүн ортосунан өтөт. Албетте, бул эки өлкө үчүн чыңалууну жаратты. Азыр биз иштин аягына чыгып жатабыз. Бул маселелер боюнча биздин өлкөлөрдүн жетекчилери, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон бир нече жолу жолугушуп, акыркы сүйлөшүүлөрдө ага чекит коюу үчүн процессти тездетүү жана келишимге кол коюу макулдашылган.
Азыр өкмөттөр аралык комиссия күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Чек ара сызыгын тактоо боюнча бул татаал процесс, быйыл бүтөт деп чындап үмүттөнөм. Бул документти эки тарап кабыл алгандан баштап Кыргызстан менен Тажикстандын мамилеси, эки өлкө үчүн жемиштүү жана пайдалуу болот деп ишенем. Чек ара такталып, чектелгенден кийин жарандарга жана товарларды өткөрүүгө чек араларды ача алабыз. Бул соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү үчүн маанилүү. Ынак коңшулардай тынчтыкта жана ынтымакта жашашыбыз керек”,- деп баса белгилеген Марат Иманкулов.
Азыркы бийлик тарабынан чек араларды чечүүгө жасалган аракеттер, келечекте чоң жемишин берет. Эгер өз ара пикир келишпестиктерди бүгүн жокко чыгарып, чек араларда достук көпүрөлөрүн түзө ала турган болсок, келечекте Борбордук Азия өлкөлөрү ишенимге жана урматтоого негизделген чоң кызматташтык мейкиндигин түзө алабыз. Коңшулардын ортосунда пикир келишпестиктер жок болгондо гана, аймактарды өнүктүрүүнүн жалпы көйгөйлөрүн чечип, биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга көңүл бурса болот.
Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий