• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Аймак 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-сентябрдан 6-октябрга чейинки аралыкта эч кандай чыр катталган эмес.

"Кыргыз-тажик тарап Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын жолугушуусунун протоколун ишке ашыруу боюнча чараларды көрүп жатышат", - деп айтылат маалыматта.

КР УКМКнын Чек ара кызматы тиешелүү мамлекеттик орган кызматкерлери менен биргеликте чек ара чырына жол бербөө максатында иш алып баруунун улантууда.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 62 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий