Ушул жылдын, 4-декабрында Баткен облусунун Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болду.
Делегация башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин такталышы толугу менен аяктап, өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторуна жыйынтыктоочу документтерди түзүүнү баштоо боюнча тапшырмалар берилди деп билдиришти. Ошентип, кагылышууларга жана чек арачылардын, ошондой эле жергиликтүү тургундардын кагылышына алып келген постсоветтик мейкиндиктеги эң татаал жаңжалдардын бири аяктайт.
«Бүгүн чек араны макулдашуунун тарыхый учуру болду. Мындан ары бул макулдашуу мыйзамдуу каттоодон өтүп, парламенттер аркылуу ратификациялоо жана мамлекеттердин президенттери тарабынан документтерге кол коюусу гана калды», - деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 972 чакырымды түзөт. Алардын кээ бир тилкелери калк жыш жайгашкан аймактарды басып өтөт. Бул жерлерде чек ара сызыгын тактоо бир топ кыйынчылыктарды жаратып келген. Советтер союзу доорунда да бул жерде мезгил-мезгили менен катуу жаңжалдар чыгып турган. 1974-жылы ошол эле Ворухтун аймагында жүздөгөн адамдар чогулуп, ызы-чуу катталган, бирок өлүм болгон эмес. Ал эми 1989-жылы бул жерде бир нече күндүк кагылышууда эки адам каза болуп, 24ү жарадар болгон.
Советтер союзу ыдыраган соң бул жерде абал ого бетер курчуган. Эгемендүүлүк жылдарында жалпысынан чек ара аймагында 250дөн ашык курал-жарактар менен жаңжал чыккан. Көбүнчө каналдар, кудуктар, жолдор жана жайыттар боюнча пикир келишпестиктер жаралып келген. Чыр-чатактардын келип чыгышы дайыма окшош эле. Адегенде, жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыгып, андан соң чек арачылар менен армиянын бөлүктөрү аралашып кетчү. Эки өлкөнүн жетекчилиги чыр-чатакты сүйлөшүү жолдору менен басып, бирок маселени түп-тамырынан чече албагандыктан, ошол эле сценарий кайра-кайра кайталанып келгени маалым.
Чек ара маселесин чечүүгө саясий эрк жетишпей жатты. Расмий өкүлдөр ар кайсы жылдардагы чийилген чек ара карталарын көтөрүп чыгып жатты. Ал карталар боюнча кээ бир аймактарды алмаштырыш керек эле. Эки өлкөнүн тең патриоттук коомчулугу бийликтин аракеттерине каршы чыгып, түзүлгөн кырдаалды курчутуп жиберген учурлар көп болду. Чек арадагы мындай белгисиздик коррупциялашкан аткаминерлерге абдан жагып, аткезчилик күч алып, ар кандай трафиктердин көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берген.
2021–2022-жылдары абал өзгөрдү. Себеби, азыркы президент Садыр Жапаров бийлик башына келип, коңшу өлкөлөр менен активдүү ынак мамиле түзө баштаган. Ошентип анын түздөн-түз катышуусу менен Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселеси чечилген.
«Бизде тынчтыктын, достуктун жана ишенимдин көпүрөлөрүн түзүүгө жана Фергана өрөөнүн Борбордук Азиянын чыныгы оазисине айлантууга саясий эркибиз бар», - деп айткан ал кесиптештери менен жолугушуулардын биринде.
Көптөгөн иш-аракеттердин натыйжасында чек аранын ар бир километри кылдаттык менен макулдашылып, өкмөттүк делегациялардын жолугушуулары үзгүлтүксүз жүрүп жатты. Былтыр декабрда демаркация сызыгынын 10%га жакыны, ал эми июль айында чечилбеген 6 гана пайызы калганы айтылган. Эми бул процесс бүттү, демек эми жаңжал жаралбайт деген үмүт бар.
Сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аяктаганынын себептери, биринчиден, эки өлкөнүн жетекчилеринин кандай гана кырдаал жаралбасын компромисске барууга даяр экендиктери. Экинчиден, бул Борбор Азиядагы жалпы атмосфера: азыр аймактын өлкөлөрү активдүү жакындашып, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып, соода-сатык алакасын өнүктүрүүдө.
Коомдук жана саясий ишмер, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору Токон Мамытов чек ара маселелери боюнча өз ара алгылыктуу компромисстерге жетишүү бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүндө коопсуздукту чыңдоо үчүн маанилүү экенине токтолот.
«Сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аякташы чек ара аймактарындагы чыңалууну басаңдатат, бул коопсуздукту камсыз кылуу жана мүмкүн болуучу чыр-чатактарды болтурбоо үчүн маанилүү фактор болуп саналат. Чек ара боюнча макулдашууга жетишүү эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде эл аралык уюмдарда координациялоону андан ары өнүктүрүү үчүн аянтча түзөт.
Эки тараптуу мамилелердеги негизги маселелердин биринин чечилиши, эки тараптын тең компромисске барууга даярдыгын көрсөтүп турат, бул саясий деңгээлде ишенимди бекемдейт. Чек ара келишимдери бул аймактарына инвестиция тартууга, анын ичинде жолдорду, логистикалык борборлорду жана башка объектилерди курууга түрткү бериши мүмкүн. Экономикалык чөйрөдөгү кызматташтык, өзгөчө энергетика, айыл чарба жана транспорт сыяктуу тармактарда кеңейиши мүмкүн”, - деп белгилейт Токон Мамытов.
Легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев бул жөнүндө мындай дейт: “Бул макулдашулардын тарыхый мааниси бар, анткени алар кошуна жана бир тууган эки өлкөнүн ортосундагы бекем тынчтыкты камсыз кылат. Чечилбей турган көйгөйдү чечүүдө мамлекеттин жетекчилигинин акылмандыгын далилдеген биздин дипломатиянын зор ийгилиги. Бул аймактык чыр-чатактар орун алган башка өлкөлөр үчүн эң сонун мисал”.
Эми алдыда демаркация иштери калды. Муну дагы чечүү оңойго турбайт. Анда эки тараптын тең ой-пикирлерин эске алып, чек ара туура аныкталат деген ишеним бар.
Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий