Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Чек ара маселесин чечүүдө эч качан тирешпеш керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттиги Улуттук гвардиянын мурдагы командири Абдыгул Чотбаев билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылы орун алган кагылышуудан кийин, бийлик тарабынан чек ара маселесин чечүү боюнча алгылыктуу иштер жасалууда. Иш токтоп калбай, тынымсыз сүйлөшүүлөр, тактоолор жүрүп келгени жакшы көрүнүш.
"Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселеси көп жылдан бери чечилбей, ал ортодо чыр-чатактар орун алып келди. Бүгүнкү мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусунда айтылгандай эле, бир жыйынтыкка келип, көп жылдан бери созулуп, талаш-тартыш болуп келген чек ара маселесинин чечилишинин өзү чоң жетишкендик. Эми депутаттар бул мыйзамды сөзсүз ратификация кылып бериш керек" , - деди Чотбаев.
Ошондой эле ал чек араны тактоо өзгөчө оор процесс экенин белгилеп, карта боюнча көп маселелер каралып, узак сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында гана бир чечимге келүү мүмкүн экендигин айтты.
"Бир тарап айтат "бул жер биздики" деп, экинчи тарап айтат "жок биздики" деп. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында гана "бул жерди силер алгыла, бул жерди бизге бергиле" деп, аягында эки тарап тең компромисске барышат. Бул маселеде эч качан тиреш болбош керек. Дал ушул тирештин айынан дүйнө жүзүндө согуш чыгып кеткен учурлар көп катталууда. Согушка чейин жеткирбестен, сүйлөшүү жана тынчтык жолу менен чечиш керек. Жер талашып, чек ара чырынан улам чыккан согуштардын аягы баары бир сүйлөшүү аянтчасында гана чечилет", - деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн, 4-декабрда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги отуруму болуп, анда чек ара маселесин чечүүдөгү жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилгени маалым болду.
Пикир
Оставить комментарий