• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Чек ара жаңжалында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жөлөк пулду көбөйтүү сунушталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны өтүп, анда “Кыргызстандын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, мыйзам долбоору аркылуу 2002-жылдын 17-18-мартында Аксы районунда, 2010-жылдын апрель-июнь жана 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуяларда каза болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыркаган жарандарга мамлекеттик колдоону күчөтүү сунушталууда.

“Бүгүнкү күндө бул жаатта жөлөкпул алуучулардын саны 562 адамды түзөт. Аларга 2022-жылдын 1-октябрынан тартып кошумча жана ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн 3 миң 700 сомдон 5 миң 500 сомго чейин жогорулатуу каралууда”, - деди министр.

Талкуу маалында депутаттар мыйзам долбооруна быйыл сентябрда болуп өткөн чек ара жаңжалдарында жабыркагандарды да кошо кетүүнү жана жөлөк пулдун көлөмүн дагы көтөрүүнү сунушташты. Базарбаев экинчи окууга чейин айтылган сунуштарды карап чыгарын белгиледи.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору жактырылды.

Пикир

Оставить комментарий