Чек арада экстремисттик көз караштагы китептерди алып келе жаткан жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.04.19. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери диний-экстремисттик көз караштагы китептерди алып келе жаткан жаранды кармашты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүүнү табууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды жүрүшүндө “Манас” бажысынын кызматкерлери 3-апрель күнү, диний-экстремистик көз караштагы 48 даана китеп алып келе жаткан КРнын Ж.Н.С. аттуу жаранын кармашкан.

Өлкөнүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын экспертизасынын кортундусуна ылайык жогоруда кармалган китептер салафизим (ваххабизим) идеологияларын камтыйт жана КРнын мусулмандарынын салттуу баалуулуктарына каршы келет.

Бул факт маалыматтарды каттоо журналына жана Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, чогултулган материалдар тийиштүү органга өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий