• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Чек арада кезекте турган 650 айдоочуга тамак-аш таратылды

Коом 0

Бишкек, 20.11.17./Кабар/. “Ак-Тилек” жана “Чоң-Капкан” көзөмөл-өткөрмө жайында кезекте турган айдоочуларга ысык тамак-аш таратуу улантылууда. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрында “Ак-Тилек” өткөрмө жайында оор жүк ташуучу унаалары менен кезекте турган 650 айдоочуга жана “Чоң-Капканда” кезекте турган 100 адамга тамак-аш таратылган.

ӨКМдин маалыматына ылайык, айрым оор жүк ташуучу унааларда 2-3дөн айдоочу бар.

КР ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, аталган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасынын негизинде уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий