• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Чек арадагы кагылышуудан үч аскер кызматкери курман болду

Коом 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Кечээ, 29-апрелде тажик тарап менен куралдуу кагылышуунун жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин “Бөрү” атайын багыттагы отрядынын 3 аскери курман болуп, 20 кызматкери ар кандай жарат алган. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 2 аскер кызматкеринин абалы оор деп бааланууда. “Жеке курам курман болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат”, - деп айтылат маалыматта.

Мындан мурда кабарлангандай, чек арадагы чыр тажик тараптын чагымчылдыгынан келип чыккан. 29-апрелде тажик аскер кызматкерлери Кыргызстандын чек ара бекеттерин жана тозотторун топтук куралдар менен аткылашкан. Ошондой эле тажик тарап Ми-24 тик учагы менен абадан Баткен районунун Төрт-Көчө, Чыр-Дөбө аймактарын аткылаган.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, чек арада чыккан чырдын кесепетинен жалпы 13 адам каза болуп, 134 киши жабыркады.

Кечээ, 29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлеринин ортосундагы бир нече сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча саат 20:00дөн баштап ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүү келишимине жетишилген.

Ал эми президенттин аппаратынан маалымдашкандай, Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесиндеги абал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий