Чек арадагы чыр. Жараат алган кыргызстандыктардын саны 87ге жетти

Ден соолук 0

Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. 16-сентябрь саат 23:30га карата алынган ыкчам маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан 87 кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 бейтап амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

"Баткен облустук бириккен ооруканасына 28, Лейлек ЖДПБга 21, Кулунду ЖДПБга 3, Сүлүктү ЖДПБга 3, Улуттук госпиталга 20, Улуттук хирургия борборунда борборуна 1, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна 6 жабырлануучу жаткырылды. Алардын көбү октон жана сыныктардын чачырандыларынан жараат алышкан", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мындан мурда Улуттук госпиталдын нейрохирург, жалпы хирург, кан тамыр хирургу, анестезиолог-реаниматолог, торакалдык хирург, орто медкызматкерлерден турган үч медициналык бригада жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн Баткенге учуп кеткендиги тууралуу маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий