• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Чек арадагы ок атышууда жарадар болгон кыргыз аскеринин абалы оор, ага операция жасалат

Кырсык 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жарадар болгон кыргыз аскеринин абалы оор деп бааланууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр уланууда.

Жарадар болгон кыргызстандык аскер кызматкери Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген. Жоокер операцияга даярдалууда.

Эскерте кетсек, бүгүн, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Саат 21:17лерде сүйлөшүү учурунда тажикстандык чек арачылар кыргызстандык аскер кызматкерлерине ок чыгарып, ал 30 мүнөткө созулган. Кайталанган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкери жарадар болгон.

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал чыңалуу бойдон калууда.

Пикир

Оставить комментарий