Чек арадагы тынчтыкты сактоо. Баткен жана Согди облусунун башчылары жолукту

Аймак 0

Бишкек, 14.06.23. /Кабар/. Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын башчылары Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзода жолугушту.

Президенттин Баткен облусундагы өкүчүлүгүнөн "Кабар" агенттигине билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 14-июнда Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймагында өттү. Жолугушууга ошондой эле Баткен жана Согди облусунун чектеш райондорунун акимдери жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Өкүлчүлүктүн билдирүүсүнө таянсак, жетекчилер акыркы бир айдын ичиндеги чек арадагы кырдаалды талкуулашты. Ошондой эле эки облустун деңгээлинде түзүлгөн жумушчу топтордун, белгиленген багыттар боюнча иш аракетин улантуусу белгиленди.

Жолугушууга КР УКМКнын Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жана Тажикстандын Чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахмонали да катышып, өз багыттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптардын жолугушуусу биринчи кезекте чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, коопсуздукту камсыздоо максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий