• 86.8
  • 91.46
  • 0.87

Чек арадан кармалган Тилек Матраимов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.10.20. /Кабар/. Кыргыз-өзбек чек арасын бузган Тилек Матраимов, Зиябиддинбек Кочкорбаев жана Ахмедов Махсуд кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Эскерте кетсек, Өзбекстандын чек ара кызматкерлери тарабынан мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн учурда Тилек Матраимов туугандары (уулу, жээндери) менен кошо кармалган.

УКМК Тилек Матраимов Өзбекстандын чек арачыларында экендигин билдирген.

УКМКнын тергөө органдары тарабынан 9-октябрда Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренеси менен мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий