Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган казак жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.07.19. /Кабар/. Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган казак жараны кармалды, - деп билдирет КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү.

Маалыматка ылайык, күн мурун Кыргызстандын Чүй облусу боюнча чек ара кызматкерлери мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет жасаган Казакстандын жаранын кармашкан.

1977-жылкы Т.А., аттуу Казакстандын жараны Чу дарыясы аркылуу Казакстандан Кыргызстандын аймагына өткөн кезде чек арачылары тарабынан колгон түшкөн.

Тиешелүү документтер чогултулган соң, кармалган жаран КР УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий