• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

"Чек арасыз дарыгерлер - Швейцария" уюму ӨКМге жол тандабас белек кылды

Коом 0

Бишкек, 10.07.22./Кабар/. 7-июлда КР өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен "Чек арасыз дарыгерлер - Швейцария" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Штефан Гроссе Рюшкамптын жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө аталган уюм тарабынан ӨКМге Toyota Landcruiser 2010 үлгүсүндөгү жол тандабас белек катары берилди.

Министр Ажикеев өз сөзүндө "Чек арасыз дарыгерлер" уюмуна белек үчүн ыраазычылык билдирип, аталган унаа тоолуу аймактарда куткаруу иштерин жүргүзүүгө ыңгайлашып, алгачкы кечиктирилгис жардам көрсөтүү иштерин аткарууга чоң көмөк көрсөтөрүн белгиледи.

Штефан Гроссе Рюшкамп жылуу кабыл алганы үчүн министрге ыраазычылык билдирип, "Чек арасыз дарыгерлер" уюму Кыргызстандагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга салым кошуп жатканы үчүн чексиз кубанычта экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий