Чехиянын парламенттик делегациясы Жалал-Абаддагы поляк аскер көрүстөнүнө барды

Аймак 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарына Чехиянын парламентинин депутаттар палатасынын төрагасынын орун басары Ян Бартошек баштаган делегация келди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Делегациянын өкүлдөрү менен Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууда тараптар кызматташтык алакаларын кеңейтүү багытындагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Облус башчысы Чех делегациясына Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык жалпы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Андан соң, делегаттар калаада жайгашкан Варшавадагы күрөштөрдүн жана кыйноолордун эстеликтерин коргоо кеңешинин аракети менен салынган поляк аскер көрүстөнүнө бардып кайтты.

Чехиянын парламент өкүлдөрү белгилегендей, алдыда Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде өлкө аймагында каза болгон аскерлердин коюлган жерлерин изилдөө иштерин жүргүзүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий