• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Челябинскте кыргызстандык үй-бүлө жол кырсыгына кабылды, 12 жашар кыздын абалы оор

Кырсык 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. Челябинск облусунун Златоуст шаарына жакын жердеги М-5 трассасында Кыргызстандын жараны К.Ш.,нын башкаруусундагы "Рено Логан" автоунаасы карама-каршы тилкеге чыгып, оор жүк ташуучу "Вольво" унаасын сүзгөн. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Маалыматта жол кырсыгы бүгүн, 7-сентябрда болгондугу айтылат.

Жеңил унаанын ичинде бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү болгон - ата-энеси жана алардын төрт баласы. Алардын бардыгы Кыргызстандын жараны. К.Ш. жубайы жана балдары Ош шаарынан Уфага учуп келишкен. К.Ш. аттуу жаран үй-бүлөсүн Уфа шаарындагы аэропорттон тосуп алып, аталган автоунаа менен Нижневартовск шаарына бара жатышкан.

"Кырсыктан жабыркаган кыргызстандыктар Златоустагы шаардык клиникалык ооруканага жеткирилген. 7-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00дө К.Ш.,нын 12 жаштагы кызына операция жасалды. Кыздын абалы оор. Башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн абалы канааттандырарлык, бирок учурда алар аталган оорукананын травматология бөлүмүндө жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Аталган кырсык боюнча окуя Башкы консулдуктун көзөмөлүндө, оорукананын кызматкерлери менен үзгүлтүксүз байланыш түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий