• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чемпиондор лигасы: "Барселона" клубу "Интерди" 2:1 эсебинде жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. Чемпиондор лигасынын экинчи турунда "Барселона" клубу италиялык "Интер" командасы менен оюн өткөрдү.

"Камп Ноу" стадионунда болгон беттеште 2:1 эсебинде испаниялык клуб жеңип алды. Оюндун 2-мүнөтүндө италиялык команданын оюнчусу Лаутаро Мартинес эсепти ачты. Биринчи бөлүктө дарбаза тарапка бир нече топ тебилгенине карабай гол кирген жок.

Экинчи бөлүктүн 58 жана 84-мүнөтүндө "Барсанын" чабуулчусу Луис Суарес эки голду тең буту менен тээп киргизди.

Белгилей кетсек, эки команда F тайпасына жайгашкан. "Барселона" саптын экинчи орунунда турса, "Интер" саптын акыркы орунунда жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий