• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Чемпиондор лигасы: “Реал” клубу “Ливерпулду” 5:2 эсебинде утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын 1/8 финалында мадриддик “Реал” менен “Ливерпуль” командалары оюнга чыкты.

Оюн башталары менен англиялык клуб эки гол киргизгенге үлгүрдү, бирок көп өтпөй испаниялык команда беш гол киргизип, 5:2 эсебинде атаандашын жеңип алды. Оюнда Винисиус Жуниор менен Карим Бензема дубль жасады.

Эки команданын жооптук беттеши 16-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 02:00дө болот.

Пикир

Оставить комментарий