• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Чернобыль апаатынын 35 жылдыгына карата уюштурулчу форумга даярдык көрүү маселеси талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Чернобыль атомдук электрстанциясындагы кырсыктын 35 жылдыгына карата уюштурулчу эл аралык илимий-практикалык форумга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.

Вице-премьер айлана-чөйрөнү экологиялык катастрофага алып келе турган радиоактивдүү зат менен булганышына, жалпы элге оорчулукту алып келген, чоң территориядагы миллиондогон адамдардын жашоосуна таасирин тийгизген Чернобыль атомдук станциясында болгон кырсыкка 2021-жылы 35 жыл болорун белгиледи.

1986-жылдан 1989-жылга чейин 3 миң 200 кыргызстандык өзүнөн дагы башкалардын өмүрүн жогору коюп, Чернобыль атомдук станциясында болгон кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкан. Мындан тышкары 2021-жылы Япониядагы Фукусима-1 атомдук станциясында болгон аварияга 10 жыл болорун Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

«Бул күндөрдү белгилөө менен, биз жалпы элдин кызыкчылыгын жогору коюп, кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкандарга, өз өмүрүн бергендерге таазим кылып, эскеребиз», – деди Жеңиш Разаков. Ал ошондой эле эл аралык форум өлкөдөгү уран жана уулуу калдыктарды рекультивациялоо маселесин талкуулоо үчүн жакшы аянтча болошу мүмкүн экенин белгиледи.

Жыйында эл аралык форумду өткөрүү боюнча мекемелер аралык иш-чаралардын планы дагы талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий