• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чет элдик белгилүү блогерлер Кыргызстанды Азияда өнүгүп келаткан туристтик аймак катары таанытууну көздөйт

Коом 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. 2023-жылдын 24-июлунан 1-августуна чейин Аргентинанын жана Испаниянын белгилүү блоггерлери Кыргыз Республикасында инфотур өткөрүштү. Бул тууралуу КР Туризм департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, София Макарена Прадо жана Даниэль Бургос Субирана кесипкөй кабарчылар жана фотографтар, алардын миссиясы дүйнө жүзү боюнча эң кооз туристтик жерлерди көрсөтүү жана өздөрүнүн "Дүйнөнүн бөлүгү" (#HalfOfTheWorld) деп аталган долбоорун ишке ашыруу.

Долбоордун авторлору Кыргызстанды өлкөнүн көптөгөн уникалдуу туристтик маршруттары жана көчмөндөр жашаган жери бар экендигин эске алуу менен тандап алышкан. Башка өлкөлөрдөн тышкары, София жана Даниэль өзүнүн треккинг варианттары менен Кыргызстанды Азияда жаңыдан өнүгүп келе жаткан туристтик аймак катары таанытууну көздөшөт.

София Прадо – “Mustique Magazine”, “Newsweek Аргентина”, “Magazine”, “Row One”, “E mag” сыяктуу дүйнөгө белгилүү медианын, ошондой эле туристтик тажрыйбага байланыштуу онлайн платформалардын кабарчысы. София менен Даниел 10 жылдан бери бул долбоордун үстүндө иштеп келишет. Ошентип, алар 70 мамлекетти кыдырып, 2023-жылы Азиянын кооз жерлерин көрсөтүүнүн үстүндө иштешүүдө. Алар “VisitDubai”, “IndiGo”, “VisitOman”, “AirArabia”, “SriLanka Airlines”, “AirAstana” жана башка ири компаниялар менен биргеликте иш алып барышат. Алар журналдарда кабарчы болуп иштөөдөн тышкары, бул өлкөлөрдөгү жашоо жана саякат тууралуу китеп жазышууда.

Кошумчалай кетсек, корреспонденттер Instagramда өздөрүнүн интернет-платформасын жүргүзүшөт, ал жерде алар күн сайын өз долбоору тууралуу маалыматты жайгаштырышат.

Белгиленгендей, аталган долбоор Туризм департаментинин көмөгү жана уюштуруусу менен ишке ашырылууда.

София Прадо жана Даниэль Субирана өлкө боюнча саякаты аяктагандан кийин дүйнө жүзүндөгү популярдуу эл аралык журналдарда жана онлайн туристтик платформаларда Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалы тууралуу бир катар басылмаларды чыгарышат. Ошондой эле кабарчылар Туризм департаментине өз иштеринде колдонуу үчүн 60 жогорку сапаттагы фотосүрөттөрдү, ошондой эле видеоконтенттерди беришет.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын кооз жерлери тууралуу материалдар кабарчылар иштеген бардык белгилүү журналдарда жарыяланат.

Пикир

Оставить комментарий