• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чет элдик лидерлер Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Курман айт менен куттуктоодо

Саясат 0

Бишкек, 20.07.21. /Кабар/. Чет элдик лидерлер президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктоодо, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Алсак, Бахрейн мамлекетинин падышасы Хамад бин Иса Аль-Халифа куттуктоо телеграммасын жөнөткөн: “Жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, берекелүү Курман айт майрамыңыз менен куттуктоо мени кубандырат. Сизге чың ден соолук жана бактылуулук каалайм. Аллах Тааладан ушул күнү Сизге бардык жакшылыктарды, ал эми боордош Кыргызстан элине өнүгүп-өсүүнү сурайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Египет Араб Республикасынын президенти Абдель Фаттах Аль-Сиси да куттуктоо жөнөтүп, өнүгүп-өсүүнү каалаган: «Курман айт майрамына байланыштуу Сизге жана элиңизге чын жүрөктөн чыккан саламымды жана жакшы каалоо-тилектеримди билдире кетейин. Мындай руханий иш-чара бардык мусулмандарды биргелешип иш алып барууга жана мусулман жамаатынын жаркын келечекке болгон үмүт-тилектерин ишке ашыруу үчүн чын ыкластан аракет кылууга түрткү берген бийик диний баалуулуктарды карманууга чыныгы негиз болуп саналат. Курман айт майрамы бүткүл дүйнө жүзүндө белгилеп жаткандарга сүйүнүч алып келип, Жараткан Аллах Таала баарына бакубатчылык, өнүгүп-өсүү жанна ийгиликтерди берсин деп тилейм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Иордания Хашимат Падышалыгынын падышасы Абдулла II Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады: «Иордания Хашимат Падышалыгынын эли жана өкмөтү берекелүү Курман айт майрамына байланыштуу чын дилимден чыккан куттуктоолорума кошулат.

Менин эң жакшы каалоолорум менен жеке урматтоомду кабыл алыңыз. Бир тууган кыргыз элине мындан ары да гүлдөп-өнүгүү каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле Палестина Мамлекетинин президенти, Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун Аткаруу комитетинин төрагасы Махмуд Аббастап да куттуктоо келип түшкөн: «Палестина Мамлекетинин, анын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Кыргыз Республикасынын элин Курман айт майрамы (Эйд Аль-Адха) менен чын жүрөктөн куттуктоо мен үчүн чоң кубаныч.

Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо, элиңизге жана өлкөңүзгө тынчтык, туруктуулук жана гүлдөп-өнүгүү каалайбыз. Биздин чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду жана каалоо-тилектерибизди кабыл алыңыз», - деп айтылат Палестина президентинин куттуктоо телеграммасында.

Андан тышкары, Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Халифа Бин Заед Аль-Нахаян Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады: «Мен Сизди ыйык Курман айт (Эйд ал-Адха) майрамы менен куттуктап, чын жүрөктөн чыккан каалоо-тилектеримди билдиргениме абдан кубанычтамын. Кудуреттүү Аллах Тааладан бул майрам Сизге бакыт-таалай, чың ден соолук, араб жана мусулман элдерине бакубат жашоо жана гүлдөп өнүгүүнү алып келүүсүн суранам", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министр, Дубайдын башкаруучусу Мухаммед Бин Рашид Аль Мактум, Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы, БАЭ Куралдуу күчтөрүнүн Жогорку командачысынын орун басары Мохаммед Бин Заед Аль Нахаян да өз куттуктоолорун жиберишти.

Пикир

Оставить комментарий