• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Чет элдик түз инвестициялардын агымы 2018-жылы 569,8 млн АКШ долларын түздү

Экономика 0

Бишкек, 24.04.19. /Кабар/. Чет элдик түз инвестициялардын негизги көлөм (88 % ашууну) кайра иштетүү, пайдалуу кен казуу, өндүрүш ишканаларына, геологиялык иликтөөгө, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, ошондой эле маалымат жана байланыш тармагына багытталган.

Мындай маалымат жана байланыш тармагына багытталган инвестициялардын көлөмү – 2,5 эсеге, ал эми кайра иштетүү өндүрүш ишканаларына – 1,4 эсеге жогорулаган, ошол эле учурда геологиялык иликтөөгө келген инвестициялар – 1,9 эсеге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагына – 1,5 эсеге, пайдалауу кен казуу ишканаларына 4,9 %га кыскарган.

Келип түшкөн чет элдик түз инвестициялардын жалпы көлөмүндөсалыштырмалуу көбүрөөк бөлүгү Кытайга (инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 43,1%) туш келсе, Нидерландыга (7,3 %), Великобританияга (4,9 %), Түркияга (3,6 %) жана Швейцарияга (3,4 %) тийиштүү.

Инвестициялар төмөнкүчө кыскарган: Кытайдан – 19,0 %га, Казакстандан 37,2 %га кыскарса, тескерисинче, Россиядан келген инвестициялар – 24,9 %га, Нидерландыдан – 64,5 %га, Түркиядан – 19,9 %га, Швейцариядан – 3,5 эсеге жогорулаган.

Чет элдик түз инвестициялардын агылып чыгышы 2018-жылы 2017-жылга салыштырмалуу 27,7 %га кыскарып, 523,2 млн АКШ долларын түзгөн.

2018-жылы инвестициялардын агылып чыгышы пайдалуу кен казуу ишканаларында – 44,0 %, геологиялык иликтөөдө- 41,4 %, кайра иштетүү өндүрүшүндө – 15,7 % жана финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагында 4,0 % көрсөткүчтөбайкалган.

2018-жылы Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги тарабынан жалпы суммасы 28,2 млн АКШ долларына барабар 9 долбоор ишке ашырылган.

Ишке ашырылган долбоорлордун катарында:

‐ жарандык жардыргыч заттарды өндүрүү боюнча заводдун курулушу (10 млн АКШ доллары)

‐ «Fresenius Medical Care Kyrgyzstan» гемодиализ борборунун ачылышы (10 млн АКШ доллары)

‐ «Artel» бренди алдында кир жуучу машиналарды чогултуу боюнча заводдун курулушу (1 млн АКШ доллары)

‐ «ЗИЛ» тоо лыжа баззасында зиплайнды куруу (1 млн АКШ доллары)

‐ травертин өндүрүү боюнча заводдун курулушу (1,2 млн АКШ доллары)

‐ «Жаңы гемодиализ борбору» долбоору (1 млн АКШ доллары)

‐ «IMZO» бренди алдында пластикалык терезелерди жана эшиктерди чыгаруу боюнча заводдун курулушу (1 млн АКШ доллары) орун алган.

Пикир

Оставить комментарий